www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарына жакын жайгашкан Эркин-Сай айылында белгисиз адамдар кичинекей окуучу кыздарды уурдоого аракет кылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Анда кара джип минген адамдар кыздарды унаага отургузуу аракетин көрүшкөн. Бирок, кыздар жардамга чакырып, кыйкыра баштаганда белгисиз адамдар унаасына отуруп кетип калышкан.

Кийинчерээк бул окуяны Чүй ИИББи такталган жок, чындыкка дал келбейт деп маалымдаган. Анда “Балдардын бардыгы ордунда, маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда айылда милиция кызматкерлери иштеп жатат. Сураштырып, керектүү оперативдик тергөө иштерин жүргүзүүдө”,- дешкен. Андан сырткары, WhatsApp каналдарына тараган маалыматтарды текшерүү болуп жаткандыгын кошумчалашкан.

Бирок, интернетте Эркин-Сай айылындагы инцидент тууралуу видео тарап, анда кыздар менен болжолдуу мугалимдердин жүрөк үшүн алган окуя тууралуу баяндалып берип жатпайбы. Анда эмнеге милиция такталбаган маалымат деп жатат? Же бир нерсе болсо эле “ал чагымчылдык, бул чагымчылдык”, - деп эле фактыны жашыра берүү керекпи? Ошентип отуруп алганда көйгөй чечилеби өзүнөн өзү?

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости