www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эксперттер Меган Маркл АКШнын президенттик талапкерлигине аттанаарын божомолдошууда. Борковскийдин айтымында Меган дайыма саясатка умтулуп турган. Ошондой эле ал миллиондогон америкалыктардын жана мурунку АКШнын президенти Барака Обаманын акылына жете алган атактуу теле алып баруучу Опра Уинфринин күчтүү колдоосуна ээ. Меган президенттикке талапкер катары бүгүнкү күндө эл алдында өзүн таанытып алган. Көп америкалык аялдар үчүн анын тагдыры өзгөчө. Ажырашкан аял, мурун телесериалдарда тартылган, өзүнүн тагдырын өзгөртө алган, ханзаадага турмушка чыгып, падышанын үй-бүлөсүнө кирген.
Бороквскийдин божомолунда Гарри менен Меган АКШнын президенти Дональд Трамп болуп турганда Канадада жашайт, кийин алар Америкага кайтып келишет.
“Президенттик жарышка катышууда аларды эч нерсе токтото албайт. Алардын амбициясы күчтүү жана кыйратуучу күчкө ээ. Мындан сырткары, маанилүү чечим кабыл алууда ханайым Елизавета IIнин алдында отчет берүү керек эмес”,- деп адистин сөзүн британиялык Express газетасы жазып чыкты.
Боровский Канадада ханзаада Гарри жана Меган кийин саясатка жардам берүүчү капитал түзүүгө аракет кылат деп эсептейт. Алар бүгүнкү күндө эл алдында чыгып сүйлөгөнү үчүн 500 миң доллар алышы мүмкүн. Ошондой эле, Меганда белгилүү компаниялардан коммерциялык сунуштар бар.
Эске салсак, буга чейин ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну жана финансы жактан көз карадысыз болууну кабарлашкан. Букингем хан сарайы аларды падыша титулунан ажыраткан.
Мындан сырткары, жубайлар 2,4 млн фунтту, башкача айтканда алардын үйүн оңдоого мамлекеткеттин казынасынан кеткен каражатты кайтарып беришет жана мындан ары мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ошондой эле, герцог жана герцогиня титулдары кала берет. Ханзааданын жана анын жубайынын расмий статусу ушул жылдын жаз айларында күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg