www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыз менен жигит үй-бүлө куруп, үйлөнөйүн деп жүргөн убакта өздөрүн дүйнөнүн эң бактылуу адамдарындай сезет. Алардын келечекке түзгөн пландары менен ой-тилектери көп болот. Бири-бирине ант берип, “үйлөнгөндө мындай кылам, андай кылам” деп убада берет. Бир гана нерсе, ошол айтылган сөздөрдүн баары үй-бүлөлүү болгондон кийин унутулат, же күчүн жоготот. Муну үйлөнөйүн деп жүргөн жаштардын шаблон сөздөрү деп атап, ошондой “кулактан илген” тилектерди чогултуп сунуштоону туура көрдүк. Эмесе, жигиттер үйлөнөрдүн алдында кандай шаблон сөздөрдү карманышат?

“Эгер мага күйөөгө тийсең, мен сени алаканыма салып жүрөм”. Мындай шаблон сөздөрдү көбүнчө кызды кайырмагына түшүрө албай жүргөн жигиттер колдонушат. Үйлөнгөндө алаканына сала турган жигит азыртан эле (үйлөнбөй эле) алаканына сала ала турганын далилдеши керек эмеспи? Эскертүү: “Алаканга салуу” сөзү материалдык абалдын бөлүгүндө гана айтылып жаткан жок.

“Башыңдан бутуңа чейин кооздукка толтурам”. Бул шаблонду колдонгон жигиттер кызды өз материалдык абалы менен гана кызыктырып келет. Эгер кыз сүйбөсө, эртең абалы начарласа, ага кызык эч нерсе калбай калат. Кыздарды чөнтөктүн калыңдыгы менен мактанып, турмушка чыгууга көндүрүүнү абдан өтүмдүү идея деп саноого болбойт.

“Үйгө келин болуп барган күндөн баштап эртең менен саат 5те туруп, чай даярдайсың”. Бул талапты ар бир жигиттин оозунан угууга болот. Жаңы келген келинге саат 5те ойгонуп, чай даярдоонун эч кыйынчылыгы жок. Анткени, жаңы жашоого кадам таштаган келиндин ал учурда ансыз да тынчсыздангандан уйкусу качып жүрөт. Мындан тышкары, эрте ойгонуп, үйдөгүлөргө чай сунуштоо ага да (башында) кызык болуп көрүнөт. Бирок, ал убакта үйдө эч ким ойгонбойт го? Өздөрү тойдон кийин чарчап жаткан ата-энеге таңкы 5те чай берүүнүн өзү туурабы?

“Мен эмне айтсам, ошол болот!” Кыздар, мына ушул талаптан коркуп, сүйгөн жигитке күйөөгө чыкпай калып жүрбөгүлө. Мындай талапка “жарайт” дей бергиле. Эркек болгон соң, талап коюу мыйзамдуу көрүнүш. Алар бул талапты оозу менен айтканы менен, абалга байланыштуу кээде аялынын да айтканын жасап турат. Бирок, аялдар талап кылып эмес, өтүнүч кылып жумшартып айтканы туура. Ошондо эркек өз жарынын айтканын кантип жасап койгонун да билбей калат. Эскертүү: Биз бул жерде аялынын айтканынан чыкпаган эркектер тууралуу айтып жаткан жокпуз!

"Медиаплов"

Последние новости