www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” партиясынын лидери катары барып, андан соң бир нече убакыт СИЗОго да олтуруп чыкканга үлгүргөн Канат Исаевдин Улуттук коопсуздук кызматта иштеген күйөө баласы андагы сейфте сакталып турган, бир нече кылмыш иштерине күбө болчу 200 миң долларды уурдап, ордуна жасалма акчаларды коюп койгон. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Акиpress агентиги “Репортер” бөлүмүнө элден келген маалыматтарга таянып жазып чыкты.

Мына сага! Бул дагы эч нерсе эмес. Эми андагы маалыматтарда айтылгандай, Канат Исаев күйөө баласы УКМКнын сейфинен “согуп” кеткен 200 миң долларды төлөп берип ишти "күм-жам" кылганы чатак болуп жатат. Ошентсе да, мыйзамга такап, күйөө баласын иштен айдашкан. Бул жагы туура! Ал эми мыйзам боюнча ал кылмыш кылганы үчүн, ошондой эле ага жардам берген депутат жазага тартылышы керек да?! Же эмне, аларга башка мыйзам, тоок уурдагандарга башка мыйзамбы Кыргызстанда?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости