www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла

Өкмөт президент Сооронбай Жээнбековдун саясатына каршы иш кылууда. Президент "Уран казылбайт" - деп так кесе айтып жатса, өкмөт уран, торий кендерин чалгындоо, иштетүү боюнча мыйзамын Жогорку Кеңештен өткөрүүнү көздөп чуркап жүрөт. Бул деген президенттин сөзү суу кечпейт деген кеп да.

Буга байланыштуу эл өкүлү Алтынбек Сулайманов: "Уранды казууга каршы элдер митингге чыгып жатканда силер каякта элеңер? Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла. Учурдагы биосфералык аймактар "Сары-Жаз", "Кажы-Сай", "Кызыл-Омпол", ал эми "Миң-Куш", "Майлы-Суу" буга кирбейт. Бирок бүгүнкү күнү алардын абалы начар. Бүтүндөй дүйнө экология менен күрөшүп жатат. Силер инвесторлорго зыян келет, алар бизди сотко бериши мүмкүн дейсиңер. Элдер 50 жылдан бери ошол калдыктарды сактоочу жайлардын зыянын тартып келет. Кыргызстан уранды жаңы технология менен иштетсе болот дейсиңер, каяктагы технологияны айтып жатасыңар?" - деп айтканын "Фабула" гезити жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости