www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 31-октябрда эрте менен Акыл Сатыбалдиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Москва шаарында кыргыз кызы дайынсыз болуп жатканын, маалымат билгендер болсо кабарлап коюшун суранган. Айтымында, дайынсыз болуп жаткан Таңзада деген кыз.  Таңзада “Кечээ күнү мени бирөөлөр алдап алып кетип, камап коюшту, алып кеткиле мени, даректи билбейм, суу эле берип жатат”, -деп боздоп аудио билдирүү жөнөткөн экен.

Ал заматта бүт соцтармактын бүт тайпаларына тарап, үч күндөн бери дайынсыз экени Кыргызстандын Россиядагы  элчиси Аликбек Жекшенкуловго  чейин  жетип, ал киши дароо бул ишти өз көзөмөлү менен Москва шаарынын ИИМ начальнигине чейин жеткирип, издөө башталган.  Бирок көп өтпөй ал кыз Москвадагы бир чоң дүкөндөрдүн биринде камалбай-боздобой эле, койкоюп жүргөн жеринен табылган.

NazarNews маалымат агенттиги жоголуп, табылган Таңзаданын атасы Рысбек Козуевге байланышканда, ал кыска гана “Кызым адашып калыптыр. Өткөөл курак, күнөө өзүбүздүн кызыбызда болуп калды. Кызыбыз азыр биз менен чогуу” деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости