www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түбү ооганстандык Улуу Британиянын эки жараны порноактрисаны өлтүрүүнү пландап жатышып, жергиликтүү полициянын колуна түшүштү. Алардын бири кыздын өз атасы экенин The Daily Mail жазып чыкты.

Айтылгандай, кыз 2017-жылы иудаизмди кабыл алып, күйөөсү менен Австрияга келген жана ал жерде күйөөсүнүн порнографиялык фильминде роль аткара баштаган.

Киши өлтүрүүгө шектелгендердин бири 54 жаштагы Мохаммед Патман актрисанын атасы экени белгилүү болду. Ал 49 жаштагы досу Дарья Хан Сафи менен биргеликте 25 жаштагы кызынын интернетке чыккан кылыктарын көп убакыт иликтешип, акыры өлтүрүп тынмай болгон. Бирок, эки эркектин кызды өлтүрүү планы британ полициясына белгилүү болот. Полиция алардын артынан калбай иликтөөгө алышат. Жыйынтыгында, экөөнү Словакия полициясынын жардамы менен колго түшүрүшкөн.

Шектүүлөр, Ооганстандагы британ аскерлерине жардам бергени үчүн Англияда жашоо укугуна ээ болушкан. Алар көп жылдардан бери аталган өлкөдө жашап келишкен. Экөөнүн тең алтыдан балдары бар. Эми аларды өз өлкөсүнө экстрадициялоо коркунучу турат. Албетте жердештери “саткындарды” кучак жайып тосуп алышпай турганы белгилүү...

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости