www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жалал-Абад шаарында комуз күнү салтанаттуу белгиленди.

Областтык Барпы драма театрынын алдындагы аянтта 100гө жакын жаш комузчулардын катышуусунда залкар комуз күүлөрү чертилип, саамалык сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.

Ага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев, калаадагы аксакалдар, студенттер, мектеп окуучулары жана шаар тургундары катышты. Мындагылар Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес экенине токтолушту.

Жалал-Абад шаарында комуз күүлөрүн жайылтуу, улуттук аспапты даңазалоо багытында иш-чаралар улантылууда. Ага карата жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана орто мектептерде “Кылымдарды карыткан кереметтүү добуштар”, “Күүнүн башы Камбаркан”, “Залкар күүлөр” жана “Обон күүлөр” аталышындагы ачык сааттар өткөрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости