www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Жал кичи районунда мушташка катышкан кылмышкерлер кармала элек. Аларды Ленин РИИБи калкалап жатат. Бул тууралуу 28-августтун таңында Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдардан мыкаачылык менен токмок жеп, ооруканада эсине келе албай жаткан жабырлануучулардын жакындары кабарлашты. Бул тууралуу маалыматты informator.kg жазып чыкты. 

Алардын айтымында, адамды айоосуз сабагандардын бир тууганы Ленин РИИБсинде иштегендиктен, ал туугандарын алды менен «белгисиз бирөөлөрдөн токмок жедик» деп арыз жаздырып койгон жана аларды жашырып, кесиптештеринин кармоосуна тоскоолдук кылып жатат. 

Ал эми Бишкек ШИИБсинин басма-сөз кызматы болсо, окуяга катышы барлардын өздүгү такталып, издөө жүрүп жатканын, жакында алар кармалып, мыйзам чегинде жоопкерчилик тарта турганын билдирет. 

Аталган окуя болсо социалдык тармакта чоң резонанс жаратып, коомчулук адам сабаган бейбаштарга эң жогорку жаза берүүнү, аларга «бейбаштык» эмес, «адам өмүрүнө атайылап залал келтирүү», «адам өлтүрүрүүгө аракет жасоо» беренелеринин коюлушун укук коргоочулардан талап кылышууда. 

Informator. kg порталынын колуна кеңейтилген тийген тасмада үч алсыз баланы эки эңгезердей киши катуу сабап, эс учун билбей жаткандарды үстүнөн тебелешкени, ал тургай жеке күзөт кызматкерлерине баш ийбей, үчүнчү баланы сабаганы, окуя болгон милиция кызматкерлери белгисиз бирөөлөр менен сүйлөшкөн соң кайра кетип калган кайдыгер мамилелерди көрүүгө болот. Токмоктолгон эки жигиттин баш сөөктөрү талкаланган, колу-буттары сынганы айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости