www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Адистер Мексиканын борбору Мехикого жакын жайгашкан Куурчактар аралы эң үрөй учурган туристтик жай деп табышты. Бул арал бир кыздын өлүмү жана миңдеген коркунучтуу куурчактар тууралуу айтылган легендадан кийин атагы чыккан.

Легенда боюнча, бул аралда жашаган Хулиан Сантана Баррера аттуу кечил кайсы бир күнү кыздын кыйкырыгына угуп калат. Ал үн чыккан жакка чуркап барган менен эч кимди тапкан эмес, бирок, сууда куурчак жатканын көрөт. Кечил ал оюнчукту бакка илип коет.

Ошондон кийин 2001-жылы өлгүчө Баррера сууда куурчактарды таап жатканын айтып келген. Ал өлгөн кыздын арбагын сооротуу үчүн куурчактарды бактарга илип койчу. Аралда ал кечилден башка эч ким жашаган эмес, ошондуктан бул окуяны эч ким далилдей да, жокко чыгара да албайт. Коркунучтуу болгонуна карабай, кийин бул арал туристтер агылып келе турган жайга айланган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости