www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин алдындагы ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитет жоюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Депутаттар ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттар тууралуу маалыматты угууда.
Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева комитеттин иши натыйжасыз болгонун белгиледи.
«29 миллион доллардын бир бөлүгү ЛГБТ өкүлдөрүнө кетет. Биз ЛГБТ коомчулугун бекемдеп жатабызбы? Бир топ жылдан бери иштеп жаткан комитет натыйжасыздыкты көрсөтүп келет. Бул акча пайдасыз. Акча бөлүштүрүү боюнча дагы арыз жөнөтүп, комитетти таратуу керек. 29 миллион доллардын ичинен өтө аз каражат дары-дармекке жумшалат», - деди ал.
Жылдыз Садырбаева Өзбекстан менен Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрликтери ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек үчүн Глобалдык фонддон каражат алып жатканын билдирди.
«Бирок аларда гомосексуалдар тууралуу сөз жок, анткени бул кылмыш иши. Алар бул акчаны алып, натыйжалуу иштешет», - деп кошумчалады ал.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева белгилегендей, комитет мүчөлөрүнүн 30-40 пайызы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү.
Эдил Байсалов мындай резонанстан кийин Коомдук саламаттыкты сактоо координациялык кеңешинин алдындагы ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитет жоюлат деп жооп берди. Ал Глобалдык фонд жана ПРООН менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө убада берди.
2011-жылга чейин Глобалдык фонддун гранттарын Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги башкарып келген.
Булак: NazarNews.kg