www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаштайынан чоң кызматтын даамын татып, чоң акырдан жем жеп көнүп калган Данияр Абдыкаров мырзанын, көптөн күткөн тилеги кабыл болуп, дагы чоң кызматтын креслосуна барып олтуруп калды.

Бирок, бул кызмат канча жашылбайдын башын жеди аны бир өзү анан алган киши эле билбесе, эч ким билбейт. Кызматты сатып алуу адаты, калыптанып калган нерсе экенин баары эле жакшы түшүнөт. Анткени биздин эле мамлекетте эмес, көпчүлүк өлкөлөрдө кызмат орду кызылдай акчага сатылып калганын жашырганга негиз жок.

Айткандай Данияр мырзанын бул кызматка келгенине көпчүлүк эл нааразы болуп жатканы да бар. Иш учурунда өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, чет өлкөгө эч кимге айтпай чыгып кеткени чоң талкууга алынган.

Бирок азыр эл менен кимдин кандай иши бар, ал жакта соодалашуу, кызмат орду бааланып кимдин акчасы жетсе сатып алып жатканда. Айтканда бизде мурда сот жообуна тартылганы, жем корлук менен иштен айдалганы эсепке алынбай калганын ушундай улам билсек болот, Данияр мырзанын биз билбеген жагымсыз жосундары эске алынбай кызматка келди, эми мындан аркы жагын өзү билет, анткени билермандардын оозун жаап, аларды жипсиз байлап койгон да.

Бердикожо мырза

Булак: NazarNews.kg

Последние новости