www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таксиде баратып таксист экөөбүз маектешип калдык. Анын айтымында кандай дебейли мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мезгили жакшыраак болгон дейт. Максим Бакиев ар кимге салык салчу дешет бирок чындыгында ошол Максим Бакиев салык салган бир да карапайым адам болбоптур. Ошол салык төлөп калгандардын баары тең бай адамдар болушуптур. Өзгөчө бийликте жүрүп манчыркап байып кеткендерди Максим иттей кылчу дейт. “Сен и так, и так элден жейсиң, жебесең кайдан, кантип байыдың “мне тоже покажи где клад нашел” деп, мазактап чиновниктерден акча сыкчу экен. Ал эми ресторандарда, официант карапайым кыз-жигиттерге жүздөп долларды чайлык пул катар берчу. Май куйган жайлардагы катардагы кызматкер балдарга прикол катары деле жүз долларлыкты берип койчу, жанагыдай официант, отельде карапайым жарандар Максим Бакиевден колунан долларлап чайлык пул алып ыраазы болушчу. Кыскасы жакшы эле гүлдөптүр. Бирок карапайым жарандар Максим Бакиевден жапа чеккенин билбейм. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагындагыдай “наглый” көпкөн аткаминерлер жок эле, кокус акчасын чачып жүргөн бир байды Максим Бакиев билип калса, аны ал аябай акчасын сыгып алган. Албетте Максимдин ашепке кетип кутурганы болгон, бирок карапайым жарандар андан жапа чеккен эмес”, - деп баяндады таксист.
Алсак мурдагы президент Курманбек Бакиев мугалимдерге, врачтарга, майыптарга социалдык турак-жай салдырып бергени тууралуу бир нече жолу мурда баяндалган. Алгачкы жолу ошол Бакиевдин убагында пенсиялар бир нече жолу жогорулаган, мугалимдердин айлыктарына кошулган. Маалыматтык майдан-согуш деген нерсе өтө коркунучтуу болот тура. Ар кандай жалааны ойлоп чыгып маалымат булактары аркылуу уүстөккө-босток жайылтып жиберсе “кимди ким көрдү, Быржабайды там басты болуп”, эле жатып калат экенбиз. “Сарайдан саман учту десе Самаркандты жоо чапты” деген сыңары жалаа жаңылык ооздон-оозго өтүп, өзүнөн-өзү көбөйүп акыры чындык кайсы жалганы кайсы билинбей калат турбайбы?! Ушундай жол менен арамдар бийликке жетип алышат экен даа-а... Маалыматтык согуштун жыйынтыгын өз башымдан өткөрүп билдим. Жакында эле Жогорку соттун үч судьясына козголгон иш жабылганда мен каршы болуп чыксам мен тууралуу дароо терс маалымат күчөп кетти. Албетте каршы болосуң да, кылмыш ишин козгоп анан жыйынтыгнда «выговор» деп эле койсо. Ошол жогорку соттун судьяларынын жалданма укукчулары дароо эле мени жамандоого өтүштү. Бир заматта эле менин эки батирим бар болуп анан джипке айланып кеткен да жагы айтылып кирди. Эки батирим болсо келип мага адресин беришсин мен дароо белекке ошол адамга өткөрүп берем. Джипти (жол тандабас унааны) кайдан табышса ошол жактан алып кете беришсин. Бир кезде жатаканадагы комнатамды да “шикарный” батири бар болчу”, деп чыгышыптыр. “Шикарный” болсо аны да барып алышсын мейли...
Ушундай жагдайлардан кийин мен биздин “революция” деген немебизге ишенбей калдым. Чынында эле Бакиевдин кезинде дурус эле болгон экен. Ишенесиңерби, мен азыр жашап жаткан батир деле ошол мурдагы президент Курманбек Бакиев салып берген майыптар үчүн салынган 225 батирлүү үйдө жайгашкан. Албетте мен Максим Бакиевди актабайм да коргобоймун, себеби өтө эси жок жана абдан көпкөнчүлүк кылып койгон жагы жалпыбызга белгилүү. Болгону Курманбек Бакиев гана эси жок баласынын айынан күйүп кетти...
Темирлан Ормуков, активист
Булак: NazarNews.kg