www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекен” партиясынын абакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгына байланыштуу партиялаштары Базар-Коргондо жөө жүрүшкө чыгышты. Саясатчынын туулган күнү Кочкор-Атада да белгилене турганын уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлашты.

Текебаевдин туулган күнүн партиялаштары Бишкекте да белгилеп жатышат. Ага “Ата Мекендин” мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер катышууда.

Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунда, Акман айылында туулган.

60 жашка толуп жаткан Өмүрбек Текебаевдин саясаттагы жолу кайра куруу жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуу менен башталган. Андан соң Кыргызстан эгемендик алган жылдары активдүү депутат катары эл оозуна алынып, негизинен оппозициянын катарында жүрдү.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын лидерлеринин бири катары бийликке келип, бирок 2016-жылдагы Конституцияны өзгөртүү аракетинен улам ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси бузулган.

Бир жыл өтпөй "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости