www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда унааларга карата экологиялык талаптарды күчөтүүнү көздөгөн жаңы мыйзам долбоорун демилгелеп жатат.
Мыйзам долбооруна ылайык, катализатору жок машина айдагандар 10 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 35 миң сом айыпка жыгылышы мүмкүн.
Техкароодон өтүүдө жасалма документтерди колдонуу же экологиялык кемчиликтерди жашыруу үчүн дагы катуу жаза чаралары сунушталып, жалган корутунду берген диагностикалык борборлорго жана катализаторлорду алып салуу же алардын ишин жасалмалап көрсөткөн уюмдарга да жоопкерчилик киргизүү пландалууда.
Эгер мыйзам кабыл алынса, ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Маматалиев сыягы элдин жонунан кайыш тилүүгө кызыкдар окшойт. Азыр Кыргызстандагы унаалардын дээрлик көбүндө катализатору жок. Демек, элди айыпка жыгып, болбосо бир нече жүз миң сом турган катализаторду койдуруу аркылуу кимдин ишкерлигине "лобби" жасап жатат болду экен деген суроо туулат?