www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Аны Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын "Инстаграмдагы" расмий аккаунту жүргүзүүдө. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Баракчада маалымдалгандай, аукциондон түшкөн каражат ушул жылдын май айында жараат алган улакчы Дастан Жакеевге жардам иретинде берилет.

Ниязовдун формасына баштапкы баа 2 миң сом деп коюлган, аукциондун экинчи күнүндө 40 миң 500 сомго чейин көтөрүлдү. Аукцион 19-январда жыйынтыкталат, түшкөн каражатты улакчы Ниязов өз колу менен Жакеевге тапшырмакчы.

Дастан Жакеев өткөн жылдын май айында “Ак кула” ат майданында өткөн Чүйдүн көк бөрү чемпионатында аттан жыгылып кырсыктаган. 1999-жылы туулган жигит ошондон бери өз алдынча баса албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости