www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Роза Отунбаева президентке караштуу комиссиянын “Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүдөн баш тарткан чечими боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Экс-президент учурда өлкөдөгү саясий кырдаал жөнөкөй эмес экенин, мындай маселелер аны ого бетер курчутарын белгиледи. Ошондой эле ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссиянын катчысы Кырккелди Кадырбаевдин жообун “жөн эле отписка” деп баалады:

- Муну бюрократиялык “отписка” деп коёт. Мен мурунку президент катары, мага кошулуп жалпы парламент, алты фракциянын башчылары, саясий институттардын башчылары кол коюп, менин суранычымды жактап жатса бир бюрократ "бир кагазы жетишсиз болуп жатат, мен мыйзамды ушундай көрүп жатам" деген жоопту түртө салып жатат. Биздин маселени саясий өңүттө караш керек. Азыркы кесилип жаткан, саясий туткун дегендердин баары мурунку режимдин тушунда туура эмес кесилген. Бир топ акыйкатсыз чечимдер чыккан болчу. Аны эмнеге жаңы президент өзүнө жүктөп алышы керек? Эмнеге 1,5 жылдан бери аны өзүнүкү кылып кармап отурат? Башка өлкөлөрдө, автократиялык-диктатордук режим кетеби же демократиялык режимдер өзгөрүп жатабы - мурунку туткундарды чыгарып жатышат. КМШ чөлкөмүндө деле, Орусияда, Өзбекстанда, Азербайжанда, ошол эле Түркмөнстанда президенттер күнөөлүү деген адамдардын суранычы жок эле ырайым берип жатышат. Текебаев ырайым сурабай турганын мурда эле кесе айткан. Биз ошону билип туруп "режим өзгөрдү, жаңы президент келди" деп суранганбыз. Аны алты фракция лидерлери, парламент колдоду. Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары билишчү, алар мыйзамды жазган, аны көзөмөлдөгөн адамдар.

Отунбаеванын айтымында, эми Жогорку Кеңеш бул маселени сөзсүз талкуулашы керек. Ал бул жалаң эле Текебаевге эмес, башкаларга да тиешелүү маселе экенин белгиледи.

Мунун алдында президенттин аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан. Аталган комиссиянын катчысы Кырккелди Кыдырбаев мындай чечимди Текебаев өзү арыз жазбаганы үчүн кароого негиз жана предмет жок экендиги менен түшүндүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости