www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду

Манасчы, төкмө акын, эл агартуунун мыкты кызматкери Сапарбек Касмамбетов 87 жаш курагында 19-январда дүйнөдөн кайтты. 

Маалыматка ылайык, Манасчы акыркы убакта ооруканада дарыланып жаткан.

Сапарбек Касмамбетов - манасчы, төкмө акын, эл агартуунун отличниги, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, "Манас-1000" юбилейлик медалынын жана "Даңк" мадалынын ээси. 1987-жылдан бери Кыргызстанда өткөрүлгөн "Манас" айтыштарынын 7 ирээт женүүчүсү.

Сапарбек Касмамбет уулу 1934-жылы Кыргызстанда туулган. Кочкордо окуп, таалим алган.

Эр Кошой” эпикалык чыгармасын айтып, аны өзүнчө китеп кылып чыгарган. Андан сырткары акындын “Асыл эне”, “Билерик”, “Балыкчы баяны”, “Бала Манас” чыгармалары китеп болуп басылып чыккан.

“Манас” эпосунун окуялары англис тилинде баяндалган китеп “Singing The Kyrgyz Manas: Saparbek Kasmambetov's Recitations Of Epic Poetry” деген аталышта Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан даярдалып жарык көргөн. Анын редакторлору Кейт Ховард, Сапарбек Касмамбетов. Китепте “Манас” эпосунун негизги окуялары кара сөз түрүндө берилип, Сапарбек Касмамбетовдун айтуусунда CD диск түрүндө жазылып кошо тиркелген. Китеп 134 беттен турат. Китеп кыргыздардын жана жалпы эле көчмөн элдердин оозеки көркөм чыгармачылыгына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Андан сырткары мен СССР мезгилинде Академиянын өзүндө жана радио, телевидениелерге канчалаган миңдеген саптарды жаздыргам, азыр телевидениенин да, академиянын фондунда сакталуу.

"NazarNews.kg" сайтынын жалпы жамааты, Сапарбек Касмамбетовдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо, акырети абад болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости