www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан 2025-жылдан тарта жаратылыш газын экспорттоону токтотууну пландап жатат. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкө газды өз аймагында кайра иштетүүнү көздөп жатат. Мындай билдирүүнү премьер-министр Абдулла Арипов Өзбекстан либерал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин отурумунда билдирген.

"2025-жылы жаратылыш газын экспорттоону токтотуу, аны толугу менен өлкө ичинде кайра иштетүү жана өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлөт", — деди Арипов.

Өкмөт башчысы 2020-жылдын соңуна чейин газ, электр жарыгын колдонуучуларга электрондук эсептегичтер орнотула тургандыгын айткан. Анын пикиринде, мындай аракеттер энергия ресурстарын аз пайдаланууга көмөктөшүп, төлөмдөргө байланыштуу көйгөйлөрдү чечет.

Маалымат боюнча, Өзбекстан 2019-жылы экспорттун көлөмүн 2018-жылга салыштырмалуу 15 пайызга көбөйтүүнү пландаган. Кытайга 10 миллиард куб метрдей газ, Россияга төрт миллиард куб метр жана калганы Борбор Азия өлкөлөрүнө кеткен.

"Өзбекнефтегаз" жылына 70 миллиард куб метр газ, сегиз миллион тонна суюк көмүрсуутек менен камсыздай алат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга газ Өзбекстандан экспорттолот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости