www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түркия мамлекеттик стипендиялары» программасы боюнча Түркиянын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура жана докторантура даражалары боюнча акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалымдайт.

Сынакка катышуунун шарттары жана талаптары:

10-январдан 20-февралга чейин Түркия мамлекеттик стипендиясынын
https://turkiyeburslari.gov.tr/tr расмий сайтынан онлайн катталуу шарт;
каттоо 7 тилде жүргүзүлөт: түрк, араб, англис, француз, орус, босния, испан тилдери;

сайтта белгиленген суроолорго так жооп берүү шарт;

сайтта талап кылынган документтер системага толук жүктөлүшү шарт;

катталуу акысыз жана колдон жана почта аркылуу жиберилген билдирмелер кабыл алынбайт;

бакалавр даражасы үчүн 21 жаштан ашпоо шарт;
магистратура үчүн 30 жаштан ашпоо шарт;
докторантура үчүн 35 жаштан ашпоо шарт;

илимий изилдөө стипендиясына документтерди тапшыруу үчүн 45 жаштан ашпоо шарт.

2 турдун жыйынтыгы менен талапкерлер тандалып алынат.

- 1-тур: Катталуучулар Түркия мамлекеттик стипендиясынын
https://turkiyeburslari.gov.tr расмий сайтынан онлайн катталуудан өтүүсү шарт.

- 2-тур: 1-турдан өткөндөр маектешүүгө чакырылат жана өз өлкөсүндө система тарабынан көрсөтүлгөн шаарлардын арасынан бирөөнү тандап, 2-турга катышат. Толук маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине келет. Кайсыл университетке жана бөлүмгө өткөндүгү жана кайсыл убакытта Түркияга келиши керектиги тууралуу маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине жиберилет.

Мүмкүнчүлүктөр:

студенттин Түркияга алгачкы келиши жана окуусун аяктагандан соң кетүү үчүн учак билети акысыз;

ай сайын стипендия берилет;

акысыз дарылануу;

1 жылдык акысыз түрк тилин үйрөнүү курсу;

жатакана, эртең мененки тамак жана кечки тамак акысыз (кечки тамак 8 түрк лирасынан аша турган болсо, студент өз чөнтөгүнөн төлөйт);

жатаканада жашоону каалабагандар үчүн акчасын (550 лира) Түркия стипендиялары төлөп беришет;

акысыз академиялык курстар жана семинарлар, маданий жана социалдык иш-чаралар;

катталуучу өзү белгилеген 12 университеттин ичинен бирөөсүнө жайгаштырылат.

Стипендиянын көлөмү:

Бакалавр үчүн – 800 лира;
Магистратура үчүн – 1100 лира;
Докторантура үчүн – 1600 лира.

Түркиядагы университеттердин көбүндө окуу программасы түрк тилинде өтөт. Ал эми кээ бир университеттер англисче жана башка чет тилдерде билим беришет.

Ошондуктан TOEFL жана ушул сыяктуу тил боюнча сертификаттар талап кылынат. Мындан тышкары, кээ бир окуу программалары үчүн GRE, GMAT, SAT сыяктуу тесттердин сертификаты да талап кылынышы мүмкүн. Студент катталып жатканда билим алууну каалаган университеттин талаптарын да текшере алат.

С1 түрк сертификатына ээ болгон студенттер түркчө даярдоо курсун окубастан, автоматтык түрдө окуусун баштайт. С1 түрк сертификатына ээ болбогон студент 1 жылдык түрк тилин үйрөнүү курсун окуп, жыл аягында С1 сертификатына ээ болуусу керек.

Түркия мамлекети тарабынан каржыланган башка стипендиялык программалар:

Жетишкендик стипендиясы (1 жыл) — Түркияга өз мүмкүнчүлүгү менен келип, академикалык жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге берилет.

Бакалавриат - 440 лира;
Магистратура үчүн – 590 лира;
Докторантура үчүн – 880 лира.

Стипендия гана берилет. Жатакана жана акысыз дарыланууну камсыздабайт. Тапшыруу мөөнөтү 2020-жылы октябрь айында башталат.

Илимий изилдөө стипендиясы (3-12 ай) — Илимий изилдөөчүлөрдүн жана университет мугалимдеринин өз кесибине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүүнү колдоо максатында уюштурулган. Ай сайын 3000 лира стипендия берилет. Жылына 4 жолу тапшырууга болот.

Тапшыруу мөөнөттөрү:

1-январь (2020-жыл)
1-апрель (2020-жыл)
1-июль (2020-жыл)
1-октябрь (2020-жыл)

КАТИП стипендиясы (8-10 ай) — Чет элдик мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, университет мугалимдери жана илимпоздор үчүн түрк тилин үйрөнүү программасы. КАТИП стипендиясына катталуу тууралуу жана толук маалымат үчүн чет өлкөлөрдөгү түрк элчиликтерине кайрылуу зарыл. Ай сайын 2000 лира стипендия берилет. Учак билети, жатакана, түрк тили сабактары акысыз.
 

Последние новости