www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Ош - Бишкек жолундагы кырсыкта бир нече адамдын өмүрүн сактап калууга көмөк көрсөткөн Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык факультетинин студенттери жана ушул эле окуу жайдын ординатура, интернатура бөлүмдөрүндө адистештирилген билим алып жаткан жаш дарыгерлер менен жолугушуп, аларга Ыраазычылык каттарын тапшырды.

Эл өкүлү жаш адистердин 30 мүнөт бою реанимация жасап, адам өмүрү үчүн күрөшкөнүн чыныгы каармандык катары баалады. «Бул жаштардын кадамы – бүтүндөй кыргыз жаштары үчүн жоопкерчиликтин жана билимдин үлгүсү. Биз кайдыгер эмес, билимдүү муунду колдошубуз керек», – деп белгиледи Улукбек Карыбек уулу.

Эскерте кетсек, 14-апрелде ОшМУнун студенттери жол кырсыгына күбө болуп, тез жардам келгенче жабыркагандарга, анын ичинде жаш балага кесипкөй жардам көрсөтүшкөн.

 

Последние новости