www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш министрлиги тарабынан Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айыл аймагында «Чыңгыз Ааламы» маданий-мемориалдык комплексинин реконструкция жана курулуш иштери уланууда.
Объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 150 миллион сомду түзөт. Учурда бетон куюу жумуштары жүргүзүлүүдө.
Башкы планга ылайык, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаңы үй-музейи, заманбап кинотеатр, китепкана жана мейманкана куруу каралган.
Бул — тарыхый-маданий багыттагы ири долбоорлордун бири болуп эсептелип, өлкөнүн маданий туризмин өнүктүрүүгө багытталган.
Курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерилип, «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө аткарылууда.