www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Литванын Калининград облусуна транзитти чектөө чечимине Россия катаал чара менен жооп берет. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев "Аргументы и факты" гезитине берген маегинде айтты. Ал билдиргендей, жооптун олуттуу бөлүгү экономикалык мүнөздө жана "душмандык аракеттерди жасаган Балтика боюндагы кошуналарга кычкылтекти жаап койгондой эле болот".
"Литва Америкага баш ийди. Транзиттик чектөө — бул согуштун бир түрү. Мындай жол менен Батыш Россияга сокку урду. Албетте, биз жообун кечиктирбейбиз. Анын кээрин бул кырдаалдын негизги күнөөкөрү болгон Литва тартат", — деди Медведев.
Белгилей кетсек, "Литва темир жолдору" ишканасы "Калининград темир жолуна" ЕБ санкцияларына дуушар болгон бир катар товарлардын транзити токтотулганын кабарлаган. Облустун губернатору Антон Алиханов Калининград облусунун паромдук комплекси Литва аркылуу өтүүчү транзитке чектөө киргизилгендиктен товар аз болуп, жүктөрдү эч көйгөйсүз кабыл алып жатканын айтты. Литва аркылуу Калининград облусуна мунай продуктуларын ташуу улантылууда, алардын транзити 10-августка чейин чектелбейт. Тыюу салынган товарлар суу аркылуу гана жеткирилет.
Буга чейин Федерация кеңешинин Эгемендүүлүктү коргоо комиссиясынын башчысы Андрей Климов НАТО Россия аймагын блокадалоону Литванын жардамы менен баштай турганын айткан.
Булак: NazarNews.kg