www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы комитетке мыйзам долбоорун сунуштап, бааларды эффективдүү көзөмөлгө алуу, катуу чара көрүү нормаларын киргизүүдө.

Депутат Алишер Козуев майда жеке ишкерлерди гана көзөмөлдөбөстөн мамлекеттик ири ишканалардын ишин да жөнгө салууну сунуштады.

"Силер эки метр жерде эт саткан соодагерлердин гана ишин карабастан, мамлекеттик ири компаниялардын да ишин жөнөгө салсаңар. Мисалы банктар, байланыш оперторлор "Мегаком", "0!", "Билайн". Аларды да силер контролдойсуңарбы?", - деп суроо салды депутат.

Буга чейин алар үстөмдүк абалды ээлеп келген. Азыр ушул мыйзам өтүп калса, аларды да контролдонот деп жооп берди Монополияга каршы кызматтын төрагасы Кеңешбай Тайлаков.

 "Ушуга чейин аталган компаниялардан мыйзам бузуу аныкталдыбы, сиздер тарабынан?", - деп сурады депутат.

Буга чейин жөнгө салуу каралган эмес. Алар ээн-эркин иштерди алып барган деп билдирди Тайлаков.

"Силер ушуга окшогон ири компанияларга көзөмөлдү күчөтсөңөр. Силер жогору жакты көрбөй жатасыздар дагы, анан жөнөкөй ишкерлердин үстүнөн көзөмөлдөгөндү жакшы өздөштүрүп жатасыздар. Чындыгында ушул байланыш оперторлор элдин канын соруп жатат. Ушуну жөнгө салсаңар. Өлкөдөгү азык-түлүк, автомобиль болобу кайсы тармак болбосун, булар 5% дагы түзбөйт. Негизгилери ошол ири компанияларда турат", - деди депутат.

Сунушталып жаткан мыйзамга чоң компаниялар камтылганын, мыйзам өтүп калса алардын бардыгын көзөмөлгө алынаарын Тайлаков билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости