www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин аялы 50 миллион долларга тете Bombardier Global Express 5000 жеке учагын ырааттуу түрдө колдонууда.

Бизнес-джет буга чейин ВТБ банкынын түзүмдөрүнө таандык болгон жана Белиздеги компанияга катталган. Бул маалымат Алексей Навальныйдын 4-декабрда жарыялаган иликтөөсүндө айтылат.

Навальный бул учактын учууларын Медведевдин сапарларын тейлеген учактын графиги менен салыштырып, учак Медведев барган жерге чогуу, бир учурда барып турганын аныктаган. Каттамдардын арасында Европадагы популярдуу багыттар менен катар Нижегородск облусундагы аскердик авиабаза да бар. Навальный бери дегенде 11 окшош каттамды аныктаган.

Киреше тууралуу акыркы декларацияга ылайык, орус премьер-министри 2018-жылы 10 миллион рубль тапкан. Светлана Медведеванын кирешеси “нөл” экени көрсөтүлгөн. Бизнес-джеттин ижарасы 7-10 миң доллар турат. Башкача айтканда бул үй-бүлөнүн бир айлык маянасы учакты бир жарым саатка ижарага алууга гана жетет.

Навальный премьер-министрдин жубайына жеке учак бөлүнбөгөнүн белгилеген. Ал бизнес-джетти колдонуу коррупция менен байланышта болушу ыктымал деп эсептейт.

Навальный журналисттерди бүгүн, 5-декабрда өтө турган маалымат жыйынында Дмитрий Медведевге дал ушул учак тууралуу суроо узатууга чакырды.

 

Последние новости