www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Түркияга болгон кезектеги иш сапарынын алкагында кыргыз диаспоранын өкүлдөрү жана Түркиянын аймагында жашаган этникалык кыргыздар менен Стамбул шаарында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Өкмөт аппаратынын, Тышкы иштер министрлигинин, элчиликтин жана Башкы консулдук кызматкерлер да катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркияда жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, адам сатуу жолдоруна бөгөт коюу жана кыргыз жарандарын Түркияда мыйзамсыз эмгектенүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда Кубатбек Боронов Кыргыз жарандарына соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык биргелешкен экономикалык комиссиясынын 9-жыйыны, мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан санариптештирүү жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча маалымат берди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости