www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айта берип кайта берип, чечкинсиз,кайраты жок өлөрман Министр болумуштар менен өнүгүү болобу! Тьфу, деген түкүрүктү кайра жуткан макүрүк деген. Жигит кишинин сөзү өлгөнү, өзү өлгөнү. Сөзгө сөлпүк, кепке келпик болгондон көрө, намысың болсо, "востановить" эткенге даярмын дегенден көрө, какайып туруп, арызыңды жазып, эшикти каттуу жаап, басып кет. Артыңды карабай! Ошондо тарыхта элдин баалуулуктарын сыйлаган, элдин талабын урматтаган, Министр катары тарыхта каласың жолдош Министр.
Телпейип, жер карап кечирип койгула деп, олтурбай. Чечимиң туура чечим. Отунбаева министр кетиш керек деп, догурунса, эптеп калып калайын деп, "восстановить" этем дегени, жүлүнүн боштугу, кайратынын жоктугу. Министрдик кызматка таттыксыздыгы. Өл десе, өлүп берем, жат десең, жатып берем. Эптеп креслодо отурайын, деп мөгдүрөгөн алсыз, духу, кайраты, сүрү, тажрыйбасы жок министр экенсиң. Капа болсоң капа бол. Бирок бул реалдуу жашоонун чындыгы. Коомчулуктун пикири. Жангарачева абийиириңерди ачам, айтам десе, "чымчык шырт этсе, жүрөгүңөр бүлк этип" жүрөгүңөр түшүп калдыбы!
Кана ар намыс, жигиттик абийиkр деген. Мажүрөө министр болбой, өз кадырыңды билбейсиңби!Маданияттын кадырын министр баалабаса, бир музейдин директоруна туура баа берип, жасаган кадамын тастыктай албаса, бирөө баалайбы!
Карышкырларга туруштук бере албасаң, ар кимдин ордун өз ордуна койо албасаң, садага кеткени министр болосуңбу! Жоопкерчилиги жок, коркок министр. Тынч туристтерге алып баруучу болуп, такшалыш керек болчу, мынтип сынып олтурбай. Ээ, тапкан жаш министр дегениңерге түкүрдүм. Болбой калдык.
Акты кара, караны ак деген заманга калдыкпы? - деген пикирин айтты Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова.
Эске сала кетсек, Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан феминналеден айрым экспонаттар алып салынган. Андан көп өтпөй аталган музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан өз арызы менен кеткен.
Булак: NazarNews.kg