www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу — эл аралык аренада руханий мурастарды жайылтуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков  4-декабрда, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында чыгармачыл интеллегенциянын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Президенттин айтымына караганда, Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 2019-жылдын ноябрында  ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайланган. Бул кеңешке шайлануу менен  айкөл Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун мурастарын эл аралык деңгээлде жайылтууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн айтып өткөн.

Мындан тышкары, президент ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу Кыргызстан үчүн тышкы саясаттагы чоң жеңиш экенин белгилеп өтүп,  бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн бардык күч-аракеттерди  жумшаарын  белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости