www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Мексика чектешкен Техас штатында ок атышуу орун алды, деп маалымдады «Fox News».
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз мигранттардын тобу суу аркылуу чек араны кесип өтүүгө аракет кылышканда, аларды токтотуу үчүн АКШнын чек ара кызматынын кайгуулчулары ок чыгарышкан. Окуяда эч ким жабыркаган эмес. Ок атышуу Рио-Гранде дарыясында жайгашкан Фронтон аралынын жанында болгон. Дарыя АКШ менен Мексиканы бөлүп турат. Телеканал аталган аралда кылмыштуулук күч экенин белгилеп, кайык менен чек араны кесип өтүүнү каалагандар баңгизат ташуучулар болушу мүмкүн экендигин болжолдогон.
Белгилей кетсек, 21-январда АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Дональд Трамп Америка менен Мексиканын чек арасында өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган. Ошондой эле ал 23-январда түштүк чек ара (Мексика) аркылуу мигранттардын мыйзамсыз киришин токтотуу жана аларды депортациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. АКШнын Коргоо министрлиги чек ара аймагына 1,6 миң аскер кызматкери жиберилгенин маалымдаган.