www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердеги каржылык муктаждыкты толук жабуу үчүн 2 миллиард сом керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-жылы жалпы билим берүүчү мектептерге бюджеттен 15 миллиард сом бөлүнгөн. Бул жалпы муктаждыктын 86,6 пайызын гана жабат.

Министр Каныбек Исаков Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерине, мугалимдерге окуучулар менен ата-энелерден акча сураганга тыюу салган буйрукка 2019-жылдын 1-октябрында кол койгон.

Конституцияга ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде окутуу акысыз. Бирок бюджеттен билим берүүгө бөлүнгөн каражат муктаждыктарга жетпейт. Мамлекеттин акчасы эмгек акыга, чарбалык жумуштарга, майда оңдоп-түзөөлөргө коротулат. Коммуналдык төлөмдөрдү жергиликтүү бийликтер беришет. Башка муктаждыктардын баарын мектеп өзү чечиши керек.

Мындан улам ата-энелердин каражат чогулткан Камкордук кеңештери, фонддор түзүлүп, мектептердин макамы жана окуучулардын санына жараша ар бир баладан 500 сомдон 5000 сомго чейин акча жыйналып келген.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык 2139, жеке менчик 126 мектеп бар. Окуучулардын саны - 1 миллион 268 миң.

Последние новости