www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер, кыргыздын чыгаан уулу Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Чейрек кылымга жакын Кыргызстанды жетектеген улуу инсан экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошту. Эл алдында жасаган эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Баатырлыгына, "Ак шумкар" өзгөчө белгисине, "Манас", "Ленин", "Эмгек кызыл туу" жана башка ордендерине татыган.
Тарыхта өчпөс из калтырган Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн көбүн элге арнап, 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык орчундуу кызматтарда иштеди. Эн башкысы, 1961-жылдан 1986-жылга чейин, дээрлик чейрек кылым Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп, өлкөнү башкарды. Бул жылдар Кыргызстан үчүн өтө жемиштүү болгон. Дегенибиз, Усубалиев башкарып турган маалда айыл чарба секторунда, айрыкча мал чарбачылыгында ири ийгиликтер жаралып, жыл сайын мамлекеттен 100 миң тоннадан ашуун эт, 40 миң тоннадан кем эмес жүн өндүрүлүп турган.
Мындан сырткары,Республиканын ички дүң продукциясынын көлөмү 2,5 эсеге кобөйгөн. Анын учурунда Бишкектеги ЭВМ, автомобиль жыйноочу заводдор, Оштогу ХБК, Кара-Балтадагы килем комбинаттары, Канттагы цемент-шифер, Токмоктогу айнек заводдору иштеп баштаган. Бишкектеги «Манас» аэропорту жана Лейлек, Нарын, Каракол аэропорттору пайдаланууга берилген. Турдакун Усубалиев бүгүнкү кыргыз мамлекетинин калыптанышына, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген.
1960-70-жылдары өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүруү, гидроэлектростанцияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, 150дөн ашык ири өнөр жай имараттары, 511 миңден ашык көп батирлүү үйлөр, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген жана ар бир районло райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Илим жаатында дагы ири жетишкендиктер болуп, университет, институттар ишке кирип, космосту изилдөө боюнча институт ачылып, айдын топурагын ала турган атайын аппарат жасалган.
Орто Азиядагы жападан жалгыз Кардиология борбору, Политехникалык, Медицина институту, Илимдер академиясы, Гуманитардык, Кыргыз-Славян университети, «Учкун» акционердик коому, Профсоюздар имараты, Мамлекеттик архив, Тышкы иштер, Коргоо, Коопсуздук жана Ички иштер министрлиги, автовокзал, КТР, бүт кичи райондор, Манас, Алматы, Чүй, Байтик проспектилери, «Ысык-Көл», «Достук» мейманкалары, «Ала-Арча» резиденциясы, Бороордук китепкана, драмтеатр, филармония, көркөм музей, «Россия», «Манас» кинотеатрлары, Спорт сарайы, Ала-Тоо, Жеңиш аянттары, «Айчүрөк» соода борбору, «Манас» аэропорту ж.б.д.у.с. жүздөген имараттар курулган.
Турдакун Усубалиев Кыргызстандын кыр-аркасын түзгөн энергетика тармагын түптөп кетти. Бүгүн биз анын жемишин көрүп, жыргап-куунап жашап жатабыз. Атай кетсек, анын башкаруусунун алдында Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери, Фрунзе ТЭЦи курулган. Анын тушунда борбор шаарыбыз көркүнө келип, кайра жаралды. Улуттук илимдер академиясынын, Ак үйдүн, Драма театрдардын, Улуттук китепкананын, «Айчүрөк» ЦУМунун, Цирктин имараттары курулду. Бишкек шаарынын ак мрамор менен кызыл гранитке оронгон борбордук аянты Турдакун Усубалиевдин кызылдай эмгеги менен жасалган. Дегенибиз, ал планга киргизилген эмес. Үнөмдөлгөн каражат менен курулган.
Турдакун Усубалиевдин адамдык сапаты бийик, ар бир иштин көзүн билген көсөм, адамсерчиликтүү, тунук инсан болгон. Анын касиеттери, баскан жолу. элге кылган
кызматы азыр баарыбызга, өзгөчө жаштарга өрнөк болууга тийиш. Турдакун агабыз өмүр бою Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоп, Кыргыз элине кызмат кылып өттү. Биз муну унутпашыбыз керек.
Зулпукар Сапанов
Булак: NazarNews.kg