www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Мелис Турганбаев Бишкектеги колонияларды кыдырып, аталган абактардын иши менен жакындан таанышып чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев ЖАМК төрагалыгына 8-февраль күнү дайындалган.

Колонияны кыдырып чыккандан кийин Турганбаев инфраструктуранын объектилеринин абалы жана медициналык жабдуунун жетишсиздигине нааразы болду.

Андан соң жетекчи №32 жатак колониясына барганы айтылат.

Сапарынын жыйынтыгы менен Турганбаев жыйын куруп, тез арада аткарылышы зарыл болгон тапшырмаларды берди. Анын катарында №47 түзөтүү колониясынын аймагынан өздүк курам машыга турган спорттук базанын орду үчүн жер бөлүү жана №32 жатак колониясын бейтапкана менен ЖАМКтын госпиталы катары кайра түзүү маселесин кароо бар, - деп жазат Спутник агенттиги.

Булак: NazarNews.kg



 

 



 

Последние новости