www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - Кургак учуктун алдын алуу

Быйылкы жылдын 24-февралынан 24-мартка чейин Жалал-Абад шаарында кургак учук оорусунун алдын алуу жана эртерээк аныктоо боюнча бир айлык акция жүрөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан тиешелүү буйрук чыккандыгын шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясынын аталган буйругу менен бир айлык акция убагында аткарылуучу иш-чаралар планы бекитилген. Анда шаардык кургак учукка каршы күрөшүү диспансери жана шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору тарабынан аткарылуучу иш-чаралар аныкталган. Үйлөрдү кыдыруу жана эмгек жамааттарына баруу менен ооруну эрте аныктоо аракеттерин көрүү жагы тапшырылган. Ошондой эле жогорку окуу жайларында, кесиптик лицейлерде жана жалпы билим берүүчү мектептерде түшүндүрүү-агартуу иштерин жүргүзүү, калк арасында ар кандай иш-чараларды өткөрүү каралган. Андан тышкары, бул багытта мыкты аракеттери менен өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүү жагы да унутта калбайт.    

Эскерте кетсек, бул иш-чара 24-мартта белгиленүүчү Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата мерчемделген. Тээ 1882-жылы ушул күнү немис микробиологу Роберт Кох кургак учук оорусун козгогучтарды тапканы тууралуу жарыяланган жана ал 1905-жылы Нобель сыйлыгын алган. Ал эми 1982-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Кургак учук жана өпкө ооруларына каршы күрөшүүнүн эл аралык союзу тарабынан бул күн ушул ылаңга каршы күрөшүү күнү деп табылган. Ал эми 1993-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кургак учукту ири масштабдагы улуттук кесепет катары баалап, 24-мартты кургак учукка каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. Бул чечим 1998-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоо тапкан.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости