www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мунципиалдык мүлктү башкаруу (ММБ) бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Тынаев,кызматкери Эрик Ашыралиевдин кыңыр ишин ачыкка чыгарды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мэриянын маалыматына караганда, мурдагы кызматкер документтерди жасалмалоо жолу менен жарандардын ишенимине кирип, акчаларын алдап алып кеткен. Эрик Ашыралиев муниципиалдык мүлктөрдү таркатуу тууралуу аукциондун протоколун жасалмалаган. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын Москва көчөсү, 191-үйүндөгү 8 батирди сатып жиберген жана акчаны алып белгисиз тарапка качып кеткен. Бул факт мэрияга 1-сентябрда гана белгилүү болуп, жетекчилиги мурдагы кызматкер Э. Ашыралиевге чара көрүү тууралуу арыз менен Бишкек шаардык ИИББга кайрылган. Бишкек ШИИББинин маалыматында, аталган иш боюнча кылмыш иши ачылып, мурунку кызматкерге издөө салынган.

Последние новости