www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Батирлерди саткан адам жалгыз жасаган жок". Бул окуя тууралуу Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев да билдирүү жасады.

Ал бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды: “Соттун чечимин аткаруу маселеси келгенде, мыйзамсыз соттолгон балдардын абалын жеңилдетүү максатында чыгымды төлөп берүүнү чечтим. Ал акча баары бир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшөөрүн күткөм, ошондуктан батир менен төлөгөнбүз. Убагында мен арызга бул батирлер бюджеттин уюмдардын кызматкерлерине берилишин жазгам. Ошондо өлкө жана элге пайда алып келет деп ойлогом. Ошондо деле бул батирлерди сатып жиберишиптир. Батирлерди саткан адам жалгыз кылган жок деп ишенем. Ал жалгыз бул ишти кыла алмак эмес. Тергөө териштирип, жакшы ниет менен берилгендерди кайтарат деп ишенем”.

Эске салсак, Мэрия кызматкери Түлеевдин батирлерин сатып жиберген деп шектелип, ага издөө жарыяланган.

Мэриянын маалыматына караганда, мурдагы кызматкер документтерди жасалмалоо жолу менен жарандардын ишенимине кирип, акчаларын алдап алып кеткен. Эрик Ашыралиев муниципиалдык мүлктөрдү таркатуу тууралуу аукциондун протоколун жасалмалаган. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын Москва көчөсү, 191-үйүндөгү 8 батирди сатып жиберген жана акчаны алып белгисиз тарапка качып кеткен. Бул факт мэрияга 1-сентябрда гана белгилүү болуп, жетекчилиги мурдагы кызматкер Э. Ашыралиевге чара көрүү тууралуу арыз менен Бишкек шаардык ИИББга кайрылган. Бишкек ШИИББинин маалыматында, аталган иш боюнча кылмыш иши ачылып, мурунку кызматкерге издөө салынган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости