www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк жогорку окуу жайлар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү баласына муктаж болуп жатышыптыр.

Жакында эле Москвага аспирантурага тапшырмакчы болуп кеткен Кадыр Атамбаев тапшырбай кайра келгени айтылып жаткан. Эми анын тапшырбай келгенин айткандары бир шумдук. Аны чакырган ЖОЖдор көп болуп, ал кайсы бирин тандай албай жатыптыр.

Керек болсо, Германиянын канцлери Ангела Меркель өзү чакырганын, КыСыДыПынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков айткан экен. Муну айрым маалымат булактары жарнамалап эле жатып калышты. Албетте, анын канчалык деңгээлде калп же чын экенине кызыккан деле жан жок.

Эске сала кетсек, 7-октябрда окуусун улантуу үчүн Орусияга учуп кеткен Кадыр Атамбаев, 25-октябрда кайра өлкөгө кайтып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости