www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-октябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаалардын биринин багажнигинен адамдын сөөгү табылган. Жергиликтүү басылмалардын бири укук коргоо кызматындагы булактарына таянып ал кылмышка шектүү адам колго түшүрүлгөнүн жазып чыкты.

Такталбаган маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү жаран мындан 3 күн мурун кармалган. Ал буга чейин жашы жете элек кызды зордуктоо жана башка кылмыштар менен бир нече ирет абакта отуруп чыккан. Учурда такси кызматында иштеп жүргөн.

Эске салсак, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жаран бир тууганы менен Түркияга акча ташып иш кылчу. Кылмыш катталган күнү анын жанында 10 миң АКШ доллары болгон деген маалымат тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости