www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата, бүгүн 28-октябрда Жалал-Абад ОИИБинде сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин кезектеги отурумунун чечиминин негизинде бир катар ардагер милиция кызматкерлеринин түгөйлөрүнө «Офицердин жубайы» медалы ыйгарылды. Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги, областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы тарабынан медаль тагынган айымдарга куттуктоо сөздөр айтылып, милициянын аялы болуш кыйын экендиги белгиленди.

"Алар жумуш менен сапарга чыккан учурларда үй-бүлөдөгү бардык жоопкерчиликти өз моюндарын алышып, балдарга татыктуу тарбия берүүдө алардын орду зор экендиги бааланды. Ал эми милициянын ардагерлерине бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалашты", -деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости