www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оперативдик милициянын тергөөчүлөрү алдамчылыкка шектүү делген аялды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын тургуну К.А. 26-февралда алдамчылык тууралуу арыз жазып, С. Д аттуу аялга каршы чара колдонууну суранган. Ошол күнү аял шектүү менен Абдырахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен кезигишип, шектүү К.А аттуу жарандан 168 миң сом жана 200 доллар алып, "Ак-Орго" конушунан жер тилкесин беремин деп убада берип, кийин изин жашырып качып кеткен.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам издештирүүнүн жана издештирүү чараларынан соң, алдамчылыкка шектелген 1967 жылы туулган С.Д аттуу жаран колго түшүрүлүп, Свердлов милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына алынып келинген.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш ишин жүргүзүү кодексинин 98- беренесине шайкеш, ал Свердлов РИИБне киргизилди", деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүнүн башка да кылмыштарга катышы бары- жогун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы, эгерде ушул аялдан жабыркагандар болсо,төмөнкү номурларга кайрылууну суранат:
0312432815, 0702498888, 0702373770, 0703222622, 0702228505 жана 102
Булак: NazarNews.kg