www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зилалиевди жакында соттошпойт...

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочусу Зилалиевдин иши сотто кайра башынан карала турганын билдирди. Буга Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министрдин ишин карап жаткан судьянын алмашканы себеп болгон. Зилалиевдин сотуна төрагалык кылып жаткан судья Алмаз Койлубаев Чүй облустук сотунан Биринчи Май райондук сотуна убактылуу которулган. Ал кайра облустук сотко кетти. Эми Зилалиевдин ишин райондук соттун жаңы судьясы Адылбек Эсенбаев карап баштайт.

Жактоочунун маалыматы боюнча Зилалиевдин иши боюнча күбөлөрдүн 70 пайызы суралып бүткөн. Кыскасы, Зилалиевди жакын арада соттобой турган болуп турат. Бул жагынан акчасын батыра албай кутуруп кеткен Зилалиев дагы абдан мыкты аракет кылып жатса керек. Бизде акча болсо эле, болбогон ишти болтуруп коюп жатышпайбы.

Булак: Багыт.kg

Последние новости