www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эчактан бери эл ичинде АКШнын акырынан жем жеп келет деп айтылып келаткан айтылуу бейөкмөтчү, кыргызга улуттук баалуулуктарды тебелеп-тепсеп, Багыштын демократиясын таңуулап жедеп жек көрүнүп бүткөн Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Кечээ эле бул айым гейлерди колдоп, парадда жүрдү го. Буга чейин Калича Умуралиева дегенди Бишкектеги парктардын бирине чоң болгон. Бул бейөкмөтчүлөр чындап эле теңирден тескери иш жасашып, элдин кыжырын кайнатып келаткан башка мамлекеттердин "агенти" болуп алышканын мезгил өзү тастыктап койгон.

Мисалы 3 жаштагы наристе атасы, же кайсы бир зөөкүр тарабынан зордукталса, булар жабылып алып ал кыздын эмес, ошол зордуктаган зөөкүрдүн укугун көбүрөөк коргошот. Анан бийлик мына ушундайларга күнү түшүп, өздөрүн сындап койсо бөжөктөп кызмат берип, оозун жаап жатканы жакшы эмес. Эми мынча болду Умуралиева, Карасартовадан тышкары Исмаилова, Абдырасулова деген атактуу бейөкмөтчүлөргө деле бакыйган кызмат бергиле да.

Маселен, Исмаилованы Юстиция министри кылып салгыла, Абдырасулованы президенттик аппараттын сот, укук маселесин тейлеген бөлүмүнө башчы кылгыла. Эч тартынбагыла, силерге кошомат кылгандар менен эле сындап ажылдагандар элек керек окшойт. Ошондой аты бар, заты жоктор менен элди бир жыргаткылачы, биз дагы да күтө туралы. Кызы талак, иттики десе...

Булак: Багыт.kg

Последние новости