www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Заман алдыга жылган сайын биздин улутка таптакыр туура келбеген, бирок, Батыш өлкөлөрүндө стандартка айланган бизге жат көрүнүштөр турмушубузга кирип жатат. Аларга каршы канчалык каршылык кылба, бирок, акчанын күчү, ажалаган-жажалаган катындардын күчү менен ошол терс көрүнүштөр биздин турмуштан-кыргыздардын турмушунан орун-очок ала баштады. Акча коштогон күчтүү идеологияга каршы күрөшүү оңой эмес, терс иштердин идеясы менен элдин башын айландырууга болбосо, анда акчанын күчү жардамга келет.

Ошондо иш бүттү! Аз күн мурун Кыргызстанга 22 мамлекеттен 50дөн ашык сүрөтчүлөр келип аялдардын укугун коргойбуз деген көргөзмө уюштурмак болот. Көргөзмөнү уюштуруучу жер катары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейин тандашат. Анан ал жерге барып алып кыздар жылаңач чечинип наркы-терки басып жүрүшөт экен. Ал жерде ар кандай сүрөттөр илинип аялдар кор болуп жатканын көрсөтүшмөк. Кайсы бир ашынган феминистка элди көзгө илбей жыпжылаңач басып жүрдү дейт?!

Ошондон соң музейдин деректири Мира Жангарачева кызматтан алынат. Акаев менен кошо иштешип анын таламын талашып жүргөн бу катынды кайсы немелер бу кызматка койгон?! Чоң кызматтардан иштеп элге жакшылык кыла албаган немени экинчи кызматка жолотуунун кереги жок. Мына, Жангарачева ошол чындыкты далилдеп берди. Муну кыргыз маданиятына жакын жолотпош керек. Кийин ушул Жангарачевадай аялдардын түшүнүгү менен кыргыздын не бир ыйык делген сапаттары кайтып барат. Жок, Жангарачева түздөн-түз бузган жок, бузууга жол ачып берип жатпайбы... Кыргыз деген атам замандан бери аялдарын өзгөчө сыйлап келген. Кызына туу тутуп мамиле кылышчу да. Аялды сабаган көрүнүштөр кийин эле Совет бийлиги келгеңден кийин бирин-экин... башталды. Аял менен эркекти Жараткан эки бөлүп жараткан, төшөктө, үйдө... ар биринин өз орду бар. Кийин ошол катнаш каралбай, аялдар эркек менен тең болобуз деп аша кетип, турмуш бузулуп жатпайбы... Кой сойгондо ичеги-карынды аялдар артат. Алар эптүү болот, таза артат... Эми ошол ичеги-карын менен иши жок жанагы Батыштан келген жөнсүздөр жылаңач отуруп алып ичеги-карынды артып жатпайбы. Аялдарды ушинтип ичеги -карын арттырбаш керек экен?!

Эй, аялдардын жакшы жашоосу үчүн турсийлерди, майкелерди кермеге илип, жылаңач чечинип наркы-терки сырактабай эле, жосундуу жүрүмтурум менен, таасирдүү кеп менен куралданып күрөшпөйбүзбү?! Адабиятыбызда сонун мисалдар бар, ошолорду мисалга тартпайбызбы. Кайсы бир сойкуну наркы-терки бастыргыча мыкты аялдарыбыздын өтөгөн өмүрүн мисалга тартпайбызбы...

Жанагы жөнсүздөр абийирсиз иштерди жасап жаткан музейде эмне деген гана залкар сүрөтчүлөрдүн картиналары бар. Айтиев, Чуйков, Чокморов, Мануйлова, Акылбеков, Герцен, Үмөтов, Керимбеков сыяктуу мыкты сүрөтчүлөрдү эмгектери илинген. Аталган сүрөтчүлөр ырас эле кете бериптир, болбосо, бу ашынган немелердин кылыктарын көрүп баары бир кетмек экен, бирок, аябай капа болуп кетмек! Мен Роза Отунбаеваны жакшы сыйлайм. Чынында эле мыкты аялзаты. Анан жөнсүз ишти жасаган Жангарачеваны колдоп чыкканына таптакыр түшүнө албай койдум... Маданият министри Азамат Жамангулов азамат! Жөнсүз ишти колдогон Батыштын бети жок стандарттарын кыргызга чаптагысы келген Жангарачева деген катынды жампайта чапканы эң туура болду! Эл-журт ыраазы!

Булак: Багыт.kg

Последние новости