www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда жарандарды сабап, коркутуп, акча талап кылган милиция кызматкерлерин сот актады.

Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери бир кыз жана бир эркек киши менен сүйлөшүп алып, жарандарды кыз зордуктадың деп коркутуп акча алган. Милиция кызматкеринин таанышы кызы Токмок шаарында эркек кишилер менен мейманканада жыныстык катнашка баргандан кийин, алардын үстүнөн арыз жазып жүргөн. Соттолуучу милиция кызматкери жабырлануучудан 1 480 доллар акча алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалган. Мындан сырткары, соттолуучу милиция кызматкери бир жаранды мыйзамсыз кармап, дубинка менен сабап, губернатордун өлүмүн мойнуна алууну талап кылган.

Свердлов райондук соту соттолуучуну “Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости