www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевчилер саясий куугунтук күчөдү, коррупция менен күрөшүү өч алууга айлана баштады деп жер сабашканы менен коррупция менен күрөшүү басаңдамак турсун күндөн күнгө күч ала баштады. Ал турсун коррупция менен күрөшүү Атамбаевдин доорунан алда канча жогору болуп жаткандай. Маселен, Атамбаевдин доорунда чоң коррупционерлер ашып кетсе,  100-200 миң доллар менен гана кылтакка илинишсе, Жээнбековдун тушунда 520 миң доллар башкача айтканда, жарым миллион долларды кымырганы жаткан жеринен Азимкан Жусубалиев колго түштү. Мунун өзү коррупция менен күрөш күч алганын айгинелейт. Буга окшогон жагдайлар мурун деле болсо керек. Болгону мындай ири сумманы ачыкка чыгарышчу эмес. Коррупционерлер менен кимдир бирөөлөр табакташ болгондой сезилет.

Бирок, коррупциялык күрөш да адилет болушу керек. коррупция менен күрөшкөн кызматтын кызматкерлери колго түшкөндөрдүн ишин да калыстык менен карашы керек. Себеби, кызмат орду керек болуп калса эле баш көтөргүс кылып кызматтан кетириш үчүн да, пара берип карматкан жагдай да орун алышы мүмкүн дегендер четтен чыгат. Маселен, Азимкан Жусубалиевдин кызматы кимдир бирөөгө керек болгонбу же бирөөлөр мунун колу аркылуу чок кармагысы келгенби айтор, аны жакшы билгендер “подстава” болду деген оюн айтып жатышат. Болбос атасы өмүр бою Алайда аким болгон, Усубалиевдин доорунда иштеген, абройлуу, анан тартипти жогору койгон киши болчу. Анын баласы андай  ишке аралашышы мүмкүн эмес дешет. Бөрк ал десе, баш алгандар да мындай иште калыстык, адилеттик менен мамиле кылышы абзел.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости