www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет реанимацияда жаткан оорукчан адамдын акыбалындай абалга кептелди дейт, NazarNews.kg маалымат агенттигине экс-депутат Надира Нариматова. Ошондой эле ачуу чындыкты моюнга алып, партиялык система дегенди бир азга четке сүрүп, өлкө кызыкчылыгы үчүн бекитип жаткан духтарын президент баштап ачыка чыгарышы керек, дейт. Надира Нарматова “27 жылда 30 Премьер-министр, 30 жолу өкмөттүн курамы алмашыптыр. 30ду 27ге бөлгөндө 8 айдан туура келет экен. Мындай жол менен мамлекет өнүкпөйт. Өнүгүү үчүн туруктуу анан күчтүү Өкмөт керек.
Ошондуктан туруктуу өкмөт, бирдиктүү программанын алкагында бир команда түзүп, 5 жыл иштеп көрүшү керек. Балким жоопкерчилигин көбөйтсөк, иштешине шарт түзсөк, талапты катуу койсок жакшы натыйжа береттир. “Сүйлөгөндүн оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” деп отура бербей чындыкка тике карайлы.
Президент менен Парламент өкмөттүн чабалдыгын айтса, Өкмөт башчы мойнуна алып, "мындай өкмөттүк курам менен алдыга жыла албайм"-деди.
Мындай учурда эмнеге чечкиндүү кадамдарга барганга болбосун. Президент менен парламент, акылдашып мамлекетти кризистен алып чыгууга сөз берген, жетектеген тармактын жоопкерчилигин мойнуна алалган, реформаларды жүргүзөм деген программасы бар адистер менен компромиске барып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштеши керек. Антпесек, мамлекеттин жүгүн тарта албаган өкмөт менен алыска баралбайбыз”-, деди Надира Нарматова.
Булак: NazarNews.kg