www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети алмашабы?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү ээлеген кызматынан бошотула турганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул маалыматты бүгүн, 11-февралда президенттин катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Акыркы убакта коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык орун алмашуулар болору тууралуу ар кыл кеп-сөздөр жүрүүдө. Ушуга байланыштуу бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын расмий билдиребиз.

Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөттүү болот. Министрлер кабинетинин алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 миллиард сомго чейин жеткирүү боюнча планын ишке ашыруу, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу жана башкалар бар.

Өлкөбүздүн жарандары өзгөрүүлөрдү өздөрүнүн күнүмдүк жашоосунда сезиши үчүн Министрлер кабинети стабилдүү жана узак мөөнөттүү иштеши керек.

Аны менен бирге президент Садыр Жапаровдо аткаруу бийлигинин башчысы катары Министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жекече жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин белгилейбиз», - деди Эрбол Султанбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости