www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Мирбек Атабековдун апасын тоноду деп шектелип кармалгандарга карата кыйноо болгон факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу кылмышка шектүүлөрдүн жактоочусу 24.кж агенттигине билдирген.

Анын сөзүнө караганда, жабырлануучулардын арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кыйноо беренеси менен катталган. Бирок кылмышка шектүүлөрдү кыйнаган деген милиционерлерге билдирүү бериле элек.

Ошондой эле, жактоочунун айтымында, Атабековдун апасын тоногонго шектелген жаран сурала элек жана эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөй жатат.

Эске салсак, 6-майга караган түнү тапанча менен куралданган белгисиз адамдар Бишкек шаарында ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө кирип, күч колдонуп 60 миң доллар, 15 миң сом жана алтын буюмдарын карактап кетишкен.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү 2-сентябрда Каракол шаарында кафеде отурган жеринен кармашкан. Анын унаасын текшерүү учурунда, унаанын салонунан кылмышка далил буюмдар табылып, алынган. Кылмышка шектүү катары кармалган 1995-жылы туулган Б.М. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости