www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партиялар да "курмандыкка" чалынат

Коңшу Казакстанда учурда кайсыл партиянын доору сүрүп турат? Албетте, Назарбаев түптөп алган "Нур-Отан" партиясынын кубаттуулугу ченемсиз экенин эскерте кетели. Нуракенин көзү тирүү турганда бул партиянын бир тал чачы жерге себепсиз түшпөйт. Демек, башкалардын алы бул партияга жетпейт. Ал эми орустардын болсо "Единая Россия" деген партиясы далайдан бери бийликти колуна мыкчып келатат. Владимир Путин турганда мунун да заманы сүрө берет.

Бизде партиялардын турмушу кандай болду? Башында түптөлгөн Акаевдин "Алга Кыргызстаны" 2005-жылы мартта жалп этип өчтү. Бакиевге таандык "Ак Жол" партиясынын шымы 2010-жылы шыпырылды. Ушул эки партияда шапар тээп жүргөндөрдүн тагдыры не болду деген суроонун жообу даяр. Эптегендер дале болсо бийик кызматтарда, кээ бирөөлөрү азыр парламентте отурат эч нерсени билбегендей. Сайдылда Нышанов, Улукбек Ормонов, Алтынбек Сулайманов, Азизбек Турсунбаев сыяктуу депутаттар башында ошол аты аталган партиялардын сабында жүрүшкөн.

Эми болсо авангард болуп келе жаткан КСДПнын тагдыры кыр башында турат. Аны "курмандыкка" чалууга батынгандар жеңдерин түргөн кездери. Көрсө лидери жок партияны сомдоп коюу иттен оңой тура. Ким билет, бир кезде даңазалуу партияны жандандыруу маселеси жаралып калаар? Же мурдагылардын кейпин кийип калабы, фаворит болуп жүргөн КСДП. Баса, азыр "Биримдик" деген партиянын арааны ачылып баратат деген имиш тарады чуулдаган бойдон. Ошого мурдун батырууга далай байлар түн уйкусунан калганы да жамакталып айтылууда. Жөн жерден шыбыш чыкпайт, бир балээси бар го жабышкан, -деп "Ачык сөз" гезити өз оюн коомчулукка жарыялады.

Последние новости