www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өтүүдө. Акцияга катышып жаткан жыйырмага жакын киши Кытайдагы кыргыз, казак, уйгур улуттарынын айрым өкүлдөрүнө адилетсиз кысымдар болуп жатканын айтып, БУУ баштаган эл аралык коомчулукту көңүл бурууга чакырды.

Алар Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттеришке кайрылып, Кытайдагы бир катар этникалык топторго байланыштуу жагдайды Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйында кароону сунуштады.

Ошондой эле расмий Кытай бийлигинин бул өлкөдө жашаган кыргыз, казак, уйгур сыяктуу этникалык топтордун өкүлдөрүнө карата кысымдарды токтотуп, эл аралык коомчулуктан бул аракеттерге саясий баа берүүнү сунуштап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости