www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өлкөнүн аба катнашын өнүктүрүүгө багытталган «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин маалыматына караганда, Өкмөт менен депутаттар тобу тарабынан даярдалган мыйзам долбоорлорунун варианттары бириктирилүү менен парламенттин кароосуна киргизилген. Мыйзам долбоору аркылуу «Ачык асман» долбоору сунушталууда. Мындайча айтканда, баардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоосуна мүмкүнчүлүк берилмекчи. Ал үчүн Аба кодексине «аба эркиндигинин 5-даражасын» киргизүү зарыл.

Баяндамачы Өкмөт өзү мыйзам долбоорун даярдоого катышканын, «Ачык асман» долбоору жарандык авиациянын өнүгүшүнө залакасын тийбей турганын билдирди. «Биз азыр Европага, алтургай Кореяга түз учалбай жатабыз. Бирин-экин авиакомпанияга кыйынчылык жаралышы мүмкүн, жалпысынан алганда, бул долбоор бизге кыйла жеӊилдик алып келет. Антаандаштык канчалык күчтүү болсо, жолкире ошончолук арзан болот, демек, жүргүнчүлөргө да жакшы шарттар түзүлөт», - деди ал.

Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдой турганын билдирүү менен бирге, мыйзам кабыл алынып калса, көп өлкөлөр менен карым-катнаш артып, авиакомпаниялардын ортосунда атаандаштык күчөрүн, айрыкча туризм тармагынын өнүгүшүнө жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгилешип, комитет мүчөлөрүн мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости